7 - августка карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 1513, анын ичинде Бишкек ш.– 1047, Ош ш. – 3, Чүй облусу – 106, Ош облусу – 67, Талас облусу – 30, Нарын облусу – 23, Ысык-Көл облусу – 28, Жалал-Абад облусу – 92, Баткен облусу – 117.  

Жалпы айыккандардын саны: 155 447 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

93.8

Ош шаары

97.7

Чүй облусу

90.7

Ош облусу

94.5

Талас облусу

91.0

Нарын облусу

88.1

Ысык-Көл облусу

87.1

Жалал-Абад облусу

91.1

Баткен облусу

87.8

 Жалпы:

92.3

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 7 - августуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 681 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 327, Ош ш. – 8, Чүй облусу – 104, Ош облусу – 18, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусу – 65, Джалал-Абад облусу – 82, Баткен облусу – 46.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 168 415 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 116 260, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 52 155.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,8 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

277

50

Ош шаары

8

0

Чүй облусу

79

25

Ош облусу

14

4

Талас облусу

18

2

Нарын облусу

5

6

Ысык-Көл облусу

37

28

Жалал-Абад облусу

32

50

Баткен облусу

43

3

 Жалпы:

513

168

 

Акыркы суткада –    6 604 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 3033 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6 168 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1174, Ош ш. – 63, Чүй облусунда – 640, Ош облусунда – 179, Талас облусунда – 72, Нарын облусунда – 98, Ысык-Көл облусунда – 425, Джалал-Абад облусунда – 221, Баткен облусунда – 161. Стационарда дарыланып жаткан 3033 бейтаптардын ичинен, 37 (1,2%) канааттандыраарлык, 1921 (63,3%) орто оордукта, 894 (29,4%) оор абалда жана 185 (6,0%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1725, Ош ш. – 25, Чүй облусунда – 1186, Ош облусунда – 335, Талас облусунда –  117, Нарын облусунда – 216, Ысык-Көл облусунда – 785, Джалал-Абад облусунда – 823, Баткен облусунда – 956.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   9 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 6 учур, Бишкекте – 4, Ыссык-Колдо – 2; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте – 2, Чуйдо – 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2389 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 972, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1417.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 12 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 5, Ош ш. – 1, Баткенде – 2, Жалал-Абадда – 1, Ыссык-Колдо – 3.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6588 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 8 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 24 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6075 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу