1 - августка карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 1497, анын ичинде Бишкек ш.– 1018, Ош ш. – 33, Чүй облусу – 152, Ош облусу – 63, Талас облусу – 28, Нарын облусу – 25, Ысык-Көл облусу – 21, Жалал-Абад облусу – 89, Баткен облусу – 68.  

Жалпы айыккандардын саны: 146 061 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

88.2

Ош шаары

96.2

Чүй облусу

89.9

Ош облусу

92.2

Талас облусу

88.0

Нарын облусу

86.4

Ысык-Көл облусу

88.5

Жалал-Абад облусу

90.5

Баткен облусу

84.8

 Жалпы:

89.1

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 1 - августуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 954 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 582, Ош ш. – 8, Чүй облусу – 87, Ош облусу – 33, Талас облусу – 12, Нарын облусу – 43, Ысык-Көл облусу – 58, Джалал-Абад облусу – 73, Баткен облусу – 58.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 163 846 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 112 662, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 51 184.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,8 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

535

47

Ош шаары

8

0

Чүй облусу

83

4

Ош облусу

21

12

Талас облусу

11

1

Нарын облусу

32

11

Ысык-Көл облусу

43

15

Жалал-Абад облусу

28

45

Баткен облусу

58

0

 Жалпы:

819

135

 

Акыркы суткада –    7 450 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 3759 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 10 369 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1495, Ош ш. – 82, Чүй облусунда – 742, Ош облусунда – 246, Талас облусунда – 78, Нарын облусунда – 128, Ысык-Көл облусунда – 496, Джалал-Абад облусунда – 291, Баткен облусунда – 201. Стационарда дарыланып жаткан 3759 бейтаптардын ичинен, 50 (1,3%) канааттандыраарлык, 2394 (63,6%) орто оордукта, 1100 (29,2%) оор абалда жана 222 (5,9%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 5436, Ош ш. – 149, Чүй облусунда – 1252, Ош облусунда – 542, Талас облусунда –  209, Нарын облусунда – 242, Ысык-Көл облусунда – 531, Джалал-Абад облусунда – 809, Баткен облусунда – 1199.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   10 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 4 учур, Бишкекте – 1, Нарында – 1,  Ыссык-Колдо - 2; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 6 учур, Бишкекте – 4, Ыссык-Кол обл – 1, Жалал-Абад обл - 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2335 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 935, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1400.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 12 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 6, Баткенде – 1, Нарында – 2, Ош обл – 2, Чуйдо – 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6491 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 10 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 22 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5864 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу