1 - июлга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 616, анын ичинде Бишкек ш.– 258, Ош ш. – 112, Чүй облусу – 80, Ош облусу – 101, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 20, Жалал-Абад облусу – 19, Баткен облусу – 16.  

Жалпы айыккандардын саны: 110 698 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

9,0

Ош шаары

84,7

Чүй облусу

90,1

Ош облусу

89,0

Талас облусу

91,2

Нарын облусу

91,1

Ысык-Көл облусу

94,2

Жалал-Абад облусу

89,0

Баткен облусу

89,4

 Жалпы:

87,6

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 1 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1392 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 803, Ош ш. – 78, Чүй облусу – 197, Ош облусу – 60, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 17, Ысык-Көл облусу – 37, Джалал-Абад облусу – 97, Баткен облусу – 83.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 126 395 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 78 804, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 47 591.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,5 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

756

47

Ош шаары

62

16

Чүй облусу

180

17

Ош облусу

46

14

Талас облусу

20

0

Нарын облусу

13

4

Ысык-Көл облусу

33

4

Жалал-Абад облусу

97

0

Баткен облусу

76

7

 Жалпы:

1283

109

 

Акыркы суткада –    8 340 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

 

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 3 553 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 9 055 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1459, Ош ш. – 264, Чүй облусунда – 703, Ош облусунда – 387, Талас облусунда – 36, Нарын облусунда – 90, Ысык-Көл облусунда – 220, Джалал-Абад облусунда – 266, Баткен облусунда – 128. Стационарда дарыланып жаткан 3 553 бейтаптардын ичинен, 25 (0,7%) канааттандыраарлык, 2 337 (65,7%) орто оордукта, 1 003 (28,2%) оор абалда жана 188 (5,2%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 4998, Ош ш. – 903, Чүй облусунда – 894, Ош облусунда – 642, Талас облусунда –  112, Нарын облусунда – 62, Ысык-Көл облусунда – 138, Джалал-Абад облусунда – 799, Баткен облусунда – 507.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   9 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 4 учур, Бишкекте – 3, Баткенде – 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 5 учур, Бишкек ш. – 2, Чуй обл – 1, Жалал-Абад обл – 1, Баткенде - 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2009 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 765, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1244.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 46 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 19, Ош ш. – 3, Баткенде – 13, Жалал-Абадда – 1, Ыссык-Колдо – 1, Ош обл – 2, Чуйдо – 6, Таласта - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5454 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 8 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 12 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 4902 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу