10 - июлга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 892, анын ичинде Бишкек ш.– 423, Ош ш. – 48, Чүй облусу – 131, Ош облусу – 86, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 33, Жалал-Абад облусу – 107, Баткен облусу – 52.  

Жалпы айыккандардын саны: 117 250 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

9,0

Ош шаары

87,5

Чүй облусу

87,8

Ош облусу

89,3

Талас облусу

89,1

Нарын облусу

89,7

Ысык-Көл облусу

93,0

Жалал-Абад облусу

88,8

Баткен облусу

84,2

 Жалпы:

84,7

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 10 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1 295 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 788, Ош ш. – 51, Чүй облусу – 160, Ош облусу – 38, Талас облусу – 19, Нарын облусу – 26, Ысык-Көл облусу – 46, Джалал-Абад облусу – 64, Баткен облусу – 103.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 138 353 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 90 013, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 48 340.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,0 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

756

32

Ош шаары

51

0

Чүй облусу

133

27

Ош облусу

30

8

Талас облусу

19

0

Нарын облусу

22

4

Ысык-Көл облусу

41

5

Жалал-Абад облусу

64

0

Баткен облусу

99

4

 Жалпы:

1215

80

 

Акыркы суткада –    7 487 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 585 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 13 282 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1975, Ош ш. – 200, Чүй облусунда – 817, Ош облусунда – 418, Талас облусунда – 57, Нарын облусунда – 110, Ысык-Көл облусунда – 410, Джалал-Абад облусунда – 377, Баткен облусунда – 221. Стационарда дарыланып жаткан 4 585 бейтаптардын ичинен, 69 (1,5%) канааттандыраарлык, 3 008 (65,6%) орто оордукта, 1310 (28,5%) оор абалда жана 198 (4,3%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 8375, Ош ш. – 781, Чүй облусунда – 1392, Ош облусунда – 638, Талас облусунда –  163, Нарын облусунда – 99, Ысык-Көл облусунда – 84, Джалал-Абад облусунда – 790, Баткен облусунда – 960.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   10 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 8 учур, Бишкекте – 5, Чуй обл – 1, Ош обл - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкек ш. – 1, Ош ш. – 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2093 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 813, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1280.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 45 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 13, Ош ш. – 2, Баткенде – 17, Жалал-Абадда  – 3, Ош обл – 1, Чуйдо – 8, Таласта - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5806 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 18 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 15 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5109 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу