13 - июлга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 923, анын ичинде Бишкек ш.– 526, Ош ш. – 83, Чүй облусу – 117, Ош облусу – 46, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 50, Баткен облусу – 59.  

Жалпы айыккандардын саны: 119 694 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

78.7

Ош шаары

88.7

Чүй облусу

87.6

Ош облусу

89.4

Талас облусу

88.7

Нарын облусу

88.2

Ысык-Көл облусу

92.2

Жалал-Абад облусу

88.5

Баткен облусу

82.5

 Жалпы:

84.1

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 13 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1 292 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 720, Ош ш. – 38, Чүй облусу – 196, Ош облусу – 31, Талас облусу – 16, Нарын облусу – 23, Ысык-Көл облусу – 49, Джалал-Абад облусу – 101, Баткен облусу – 118.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 142 270 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 93 722, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 48 548.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,9 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

685

35

Ош шаары

33

5

Чүй облусу

181

15

Ош облусу

25

6

Талас облусу

15

1

Нарын облусу

16

7

Ысык-Көл облусу

48

1

Жалал-Абад облусу

101

0

Баткен облусу

115

3

 Жалпы:

1219

73

 

Акыркы суткада –    5 289 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 587 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 14 702 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1930, Ош ш. – 192, Чүй облусунда – 807, Ош облусунда – 389, Талас облусунда – 78, Нарын облусунда – 129, Ысык-Көл облусунда – 456, Джалал-Абад облусунда – 371, Баткен облусунда – 235. Стационарда дарыланып жаткан 4 587 бейтаптардын ичинен, 70 (1,5%) канааттандыраарлык, 2946 (64,2%) орто оордукта, 1352 (29,4%) оор абалда жана 219 (4,7%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 9406, Ош ш. – 700, Чүй облусунда – 1499, Ош облусунда – 668, Талас облусунда –  157, Нарын облусунда – 134, Ысык-Көл облусунда – 121, Джалал-Абад облусунда – 862, Баткен облусунда – 1155.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   10 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 6 учур, Бишкекте – 3, Чуй обл – 1, Ош обл – 1, Ыссык-Кол обл - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 4 учур, Бишкек ш. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2123 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 829, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1294.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 36 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 13, Ош ш. – 2, Баткенде – 7, Жалал-Абадда  – 4, Ысык-Көл обл – 3, Нарын обл – 1, Ош обл – 2, Чуйдо – 3, Таласта - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5956 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 8 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 23 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5185 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу