15 - августка карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 676, анын ичинде Бишкек ш.– 249, Ош ш. – 4, Чүй облусу – 128, Ош облусу – 27, Талас облусу – 21, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 87, Жалал-Абад облусу – 95, Баткен облусу – 61.  

Жалпы айыккандардын саны: 162 780 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

95,5

Ош шаары

97,7

Чүй облусу

93,8

Ош облусу

96,4

Талас облусу

92,8

Нарын облусу

91,0

Ысык-Көл облусу

88,9

Жалал-Абад облусу

94,9

Баткен облусу

92,9

 Жалпы:

94,6

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 15 - августуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 332 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 150, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 31, Ош облусу – 8, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 23, Ысык-Көл облусу – 38, Джалал-Абад облусу – 36, Баткен облусу – 24.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 172 090 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 119 108, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 52 982.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,6 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

123

27

Ош шаары

2

0

Чүй облусу

27

4

Ош облусу

3

5

Талас облусу

18

2

Нарын облусу

20

3

Ысык-Көл облусу

25

13

Жалал-Абад облусу

12

24

Баткен облусу

23

1

 Жалпы:

253

79

 

Акыркы суткада –    6 510 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 2 125 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 3 328 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 807, Ош ш. – 45, Чүй облусунда – 498, Ош облусунда – 111, Талас облусунда – 46, Нарын облусунда – 70, Ысык-Көл облусунда – 326, Джалал-Абад облусунда – 112, Баткен облусунда – 110. Стационарда дарыланып жаткан 2125 бейтаптардын ичинен, 3 (0,1%) канааттандыраарлык, 1350 (63,5%) орто оордукта, 631 (29,6%) оор абалда жана 141 (6,6%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1005, Ош ш. – 45, Чүй облусунда – 436, Ош облусунда – 176, Талас облусунда –  82, Нарын облусунда – 145, Ысык-Көл облусунда – 714, Джалал-Абад облусунда – 384, Баткен облусунда – 341.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   7 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Ыссык-Колдо – 1, Баткенде - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 5 учур, Бишкекте – 4, Ыссык-Колдо - 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2446 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1008, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1438.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 4 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 1, Баткенде – 1, Нарын обл – 1, Чуй обл - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6674 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 4 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 14 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6275 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу