Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 1163, анын ичинде Бишкек ш.– 674, Ош ш. – 17, Чүй облусу – 153, Ош облусу – 79, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 24, Ысык-Көл облусу – 27, Жалал-Абад облусу – 91, Баткен облусу – 87.
Жалпы айыккандардын саны: 122 923 бейтапты түздү.
Регион |
% |
Бишкек шаары |
78,9 |
Ош шаары |
88,7 |
Чүй облусу |
87,1 |
Ош облусу |
89,6 |
Талас облусу |
88,5 |
Нарын облусу |
87,8 |
Ысык-Көл облусу |
91,6 |
Жалал-Абад облусу |
88,7 |
Баткен облусу |
81,9 |
Жалпы: |
84,0 |
Жаңы катталган учурлар
2021-жылдын 16 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1 334 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 702, Ош ш. – 47, Чүй облусу – 228, Ош облусу – 67, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 24, Ысык-Көл облусу – 49, Джалал-Абад облусу – 79, Баткен облусу – 118.
Жалпы катталган учурлардын саны – 146 292 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 97 451, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 48 841.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,0 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү
Регион |
Лаборатордук тастыкталган |
Клинико-эпидемиологиялык |
Бишкек шаары |
661 |
41 |
Ош шаары |
47 |
0 |
Чүй облусу |
214 |
14 |
Ош облусу |
50 |
17 |
Талас облусу |
13 |
7 |
Нарын облусу |
15 |
9 |
Ысык-Көл облусу |
25 |
24 |
Жалал-Абад облусу |
79 |
0 |
Баткен облусу |
118 |
0 |
Жалпы: |
1222 |
112 |
Акыркы суткада – 9 209 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 863 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 15 159 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 2061, Ош ш. – 225, Чүй облусунда – 872, Ош облусунда – 390, Талас облусунда – 95, Нарын облусунда – 128, Ысык-Көл облусунда – 473, Джалал-Абад облусунда – 375, Баткен облусунда – 244. Стационарда дарыланып жаткан 4 863 бейтаптардын ичинен, 67 (1,3%) канааттандыраарлык, 3134 (64,4%) орто оордукта, 1446 (29,7%) оор абалда жана 216 (4,4%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 9598, Ош ш. – 678, Чүй облусунда – 1602, Ош облусунда – 666, Талас облусунда – 153, Нарын облусунда – 154, Ысык-Көл облусунда – 174, Джалал-Абад облусунда – 862, Баткен облусунда – 1272.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 11 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 7 учур, Бишкекте – 3, Талас обл – 2, Ыссык-Кол обл – 1, Жалал-Абад обл - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 4 учур, Бишкек ш. – 3, Чуй обл - 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2154 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 846, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1308.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 33 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 6, Ош ш. – 2, Баткенде – 15, Жалал-Абадда – 1, Нарында – 1, Ош обл – 1, Чуйдо – 7. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6085 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 23 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 18 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 5298 медициналык кызматкер айыкты.