17 - июнга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 365, анын ичинде Бишкек ш.– 194, Ош ш. – 17, Чүй облусу – 68, Ош облусу – 23, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 23, Жалал-Абад облусу – 16, Баткен облусу – 16.  

Жалпы айыккандардын саны: 103 930 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

91,7

Ош шаары

83,0

Чүй облусу

93,4

Ош облусу

90,8

Талас облусу

93,5

Нарын облусу

92,4

Ысык-Көл облусу

95,2

Жалал-Абад облусу

94,7

Баткен облусу

94,4

 Жалпы:

92,2

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 17 - июнга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 787 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 368, Ош ш. – 97, Чүй облусу – 130, Ош облусу – 96, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 20, Джалал-Абад облусу – 38, Баткен облусу – 25.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 112 777 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 66 055, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 46 722.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

335

33

Ош шаары

95

2

Чүй облусу

108

22

Ош облусу

90

6

Талас облусу

11

0

Нарын облусу

1

1

Ысык-Көл облусу

14

6

Жалал-Абад облусу

32

6

Баткен облусу

25

0

 Жалпы:

711

76

 

Акыркы суткада –   6 927  ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

 

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 2 169 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 3 712 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 975, Ош ш. – 186, Чүй облусунда – 372, Ош облусунда – 266, Талас облусунда – 28, Нарын облусунда – 45, Ысык-Көл облусунда – 133, Джалал-Абад облусунда – 98, Баткен облусунда – 66. Стационарда дарыланып жаткан 2 169 бейтаптардын ичинен, 18 (0,8%) канааттандыраарлык, 1 455 (67,0%) орто оордукта, 602 (27,7%) оор абалда жана 94 (4,3%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1227, Ош ш. – 951, Чүй облусунда – 469, Ош облусунда – 482, Талас облусунда –  46, Нарын облусунда – 59, Ысык-Көл облусунда – 120, Джалал-Абад облусунда – 236, Баткен облусунда – 122.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   4 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1916 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 703, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1213.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 35 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 14, Чуйдо – 2, Ош ш. – 3, Ош обл – 8, Жалал-Абадда – 5, Баткенде – 1, Ыссык-Колдо - 1, Таласта - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5004 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 6 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 4710 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу