19 - июлга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 1289, анын ичинде Бишкек ш.– 856, Ош ш. – 89, Чүй облусу – 158, Ош облусу – 20, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 56, Баткен облусу – 98.  

Жалпы айыккандардын саны: 126 450 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

79.1

Ош шаары

90.3

Чүй облусу

87.3

Ош облусу

89.7

Талас облусу

87.7

Нарын облусу

87.1

Ысык-Көл облусу

90.6

Жалал-Абад облусу

89.1

Баткен облусу

81.7

 Жалпы:

84.1

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 19 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1 287 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 917, Ош ш. – 19, Чүй облусу – 96, Ош облусу – 11, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусу – 48, Джалал-Абад облусу – 48, Баткен облусу – 117.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 150 316 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 101 116, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 49 200.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,0 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

894

23

Ош шаары

15

4

Чүй облусу

67

29

Ош облусу

10

1

Талас облусу

20

0

Нарын облусу

1

10

Ысык-Көл облусу

30

18

Жалал-Абад облусу

30

18

Баткен облусу

117

0

 Жалпы:

1184

103

 

Акыркы суткада –    5 718 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 704 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 15 753 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1936, Ош ш. – 189, Чүй облусунда – 842, Ош облусунда – 367, Талас облусунда – 99, Нарын облусунда – 124, Ысык-Көл облусунда – 530, Джалал-Абад облусунда – 391, Баткен облусунда – 226. Стационарда дарыланып жаткан 4 704 бейтаптардын ичинен, 46 (0,9%) канааттандыраарлык, 3033 (64,4%) орто оордукта, 1430 (30,3%) оор абалда жана 195 (4,1%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 10 062, Ош ш. – 580, Чүй облусунда – 1628, Ош облусунда – 692, Талас облусунда –  181, Нарын облусунда – 188, Ысык-Көл облусунда – 235, Джалал-Абад облусунда – 816, Баткен облусунда – 1371.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   11 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 4 учур, Бишкекте – 3, Чуйдо – 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 7 учур, Бишкекте – 3, Ош шаарында – 1, Талас обл – 1, Ыссык-Кол обл - 2. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2186 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 861, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1325.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 23 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 14, Баткенде – 3, Жалал-Абадда  – 1, Таласта - 5.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6189 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 9 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 27 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5409 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу