2 - июнга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 302, анын ичинде Бишкек ш.– 204, Ош ш. – 11, Чүй облусу – 35, Ош облусу – 8, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 18, Жалал-Абад облусу – 12, Баткен облусу – 3.  

Жалпы айыккандардын саны: 99 175 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

92.5

Ош шаары

93.2

Чүй облусу

93.6

Ош облусу

97.2

Талас облусу

94.5

Нарын облусу

92.7

Ысык-Көл облусу

94.5

Жалал-Абад облусу

96.8

Баткен облусу

96.3

 Жалпы:

94.0

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жыл 2 - июнга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 358 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 163, Ош ш. – 64, Чүй облусу – 64, Ош облусу – 19, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 20, Джалал-Абад облусу – 18, Баткен облусу – 5.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 105 469 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 59 583, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 45 886.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

150

13

Ош шаары

59

5

Чүй облусу

48

16

Ош облусу

19

0

Талас облусу

0

2

Нарын облусу

1

2

Ысык-Көл облусу

17

3

Жалал-Абад облусу

18

0

Баткен облусу

4

1

 Жалпы:

316

42

 

Акыркы суткада –   5 615 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

 

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 1 660 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 1 782 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 877, Ош ш. – 96, Чүй облусунда – 370, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 56, Ысык-Көл облусунда – 151, Джалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда – 22. Стационарда дарыланып жаткан 1 660 бейтаптардын ичинен, 22 (1,3%) канааттандыраарлык, 1100 (66,2%) орто оордукта, 444 (26,7%) оор абалда жана 94 (5,6%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 821, Ош ш. – 210, Чүй облусунда – 373, Ош облусунда – 72, Талас облусунда –  22, Нарын облусунда – 33, Ысык-Көл облусунда – 158, Джалал-Абад облусунда – 74, Баткен облусунда – 19.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   6 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте – 1, Таласта – 1, Ыссык-Колдо - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1821 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 642, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1179.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 21 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 4, Чуйдо – 2, Ош ш. – 13,  Ош обл – 2.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4695 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 3 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 4589 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу