23 - сентябрга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 96, анын ичинде Бишкек ш.– 50, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 21, Ош облусу – 0, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 7.  

Жалпы айыккандардын саны: 172 565 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97,0

Ош шаары

98,3

Чүй облусу

96,2

Ош облусу

98,3

Талас облусу

95,0

Нарын облусу

94,4

Ысык-Көл облусу

96,3

Жалал-Абад облусу

97,8

Баткен облусу

96,5

 Жалпы:

96,9

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 23 - сентябрына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 95 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 44, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 20, Ош облусу – 2, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 12, Джалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 3.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 178 036 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 122 743, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 55 293.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,9 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

34

10

Ош шаары

1

1

Чүй облусу

9

11

Ош облусу

1

1

Талас облусу

3

1

Нарын облусу

1

3

Ысык-Көл облусу

8

4

Жалал-Абад облусу

4

0

Баткен облусу

1

2

 Жалпы:

62

33

 

Акыркы суткада –    3 127 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 553 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 850 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 247, Ош ш. – 27, Чүй облусунда – 146, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 63, Джалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 7. Стационарда дарыланып жаткан 553 бейтаптардын ичинен, 2 (0,3%) канааттандыраарлык, 339 (61,3%) орто оордукта, 168 (30,3%) оор абалда жана 44 (7,9%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 341, Ош ш. – 9, Чүй облусунда – 181, Ош облусунда – 36, Талас облусунда –  38, Нарын облусунда – 63, Ысык-Көл облусунда – 101, Джалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда – 32.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар  катталган жок. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2595 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1076, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1519.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган  - 3 медициналык кызматкер катталды, Бишкекте - 2, Жалал-Абадда - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6820 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 4 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6616 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу