24 - майга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 308, анын ичинде Бишкек ш.– 224, Ош ш. – 7, Чүй облусу – 64, Ош облусу – 5, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 4, Жалал-Абад облусу – 0, Баткен облусу – 0.  

Жалпы айыккандардын саны: 96 119 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

90,5

Ош шаары

96,4

Чүй облусу

93,4

Ош облусу

97,7

Талас облусу

94,4

Нарын облусу

92,6

Ысык-Көл облусу

94,8

Жалал-Абад облусу

97,2

Баткен облусу

96,7

 Жалпы:

93,6

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жыл 24 - майга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 191 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 121, Ош ш. – 11, Чүй облусу – 28, Ош облусу – 2, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 11, Джалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 0.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 102 702 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 57 312, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 45 390.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

72

49

Ош шаары

11

0

Чүй облусу

28

0

Ош облусу

1

1

Талас облусу

5

1

Нарын облусу

1

7

Ысык-Көл облусу

5

6

Жалал-Абад облусу

4

0

Баткен облусу

0

0

 Жалпы:

127

64

 

Акыркы суткада –   3 378 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

 

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 1 571 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 228 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 864, Ош ш. – 54, Чүй облусунда – 378, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда – 58, Ысык-Көл облусунда – 139, Джалал-Абад облусунда – 23, Баткен облусунда – 10. Стационарда дарыланып жаткан 1 571 бейтаптын ичинен, 17 (1%) канааттандыраарлык, 1062 (67,6%) орто оордукта, 411 (26,1%) оор абалда жана 81 (5,2%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1527, Ош ш. – 49, Чүй облусунда – 378, Ош облусунда – 39, Талас облусунда –  22, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 141, Джалал-Абад облусунда – 40, Баткен облусунда – 5.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон  6 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте – 3; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте – 1, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1757 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 606, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1151.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 3 медициналык кызматкер катталды, алардын ичинен кызыл зонада - 1. Бишкекте – 3.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4595 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 0 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 4 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 4532 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу