24 - сентябрга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 92, анын ичинде Бишкек ш.– 48, Ош ш. – 1, Чүй облусу – 17, Ош облусу – 2, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 2.  

Жалпы айыккандардын саны: 172 657 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97,0

Ош шаары

98,3

Чүй облусу

96,2

Ош облусу

98,3

Талас облусу

95,0

Нарын облусу

94,4

Ысык-Көл облусу

96,3

Жалал-Абад облусу

97,8

Баткен облусу

96,5

 Жалпы:

96,9

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 24 - сентябрына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 87 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 41, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 16, Ош облусу – 4, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 12, Джалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 3.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 178 123 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 122 780, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 55 343.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,0 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

20

21

Ош шаары

0

0

Чүй облусу

3

13

Ош облусу

1

3

Талас облусу

1

1

Нарын облусу

1

4

Ысык-Көл облусу

7

5

Жалал-Абад облусу

1

3

Баткен облусу

3

0

 Жалпы:

37

50

 

Акыркы суткада –    3 815 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 535 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 858 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 244, Ош ш. – 26, Чүй облусунда – 138, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 66, Джалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 8. Стационарда дарыланып жаткан 535 бейтаптардын ичинен, 328 (61,3%) орто оордукта, 165 (30,8%) оор абалда жана 42 (7,8%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 336, Ош ш. – 9, Чүй облусунда – 187, Ош облусунда – 40, Талас облусунда –  40, Нарын облусунда – 67, Ысык-Көл облусунда – 98, Джалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 31.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19дан – 1 учур (вакцина алган эмес), Чуйдо; клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19  - 1 учур (вакцина алган), Жалал-Абаддан. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2597 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1077, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1520.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6820 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 4 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 3 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6623 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу