26 - июлга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 1568, анын ичинде Бишкек ш.– 1087, Ош ш. – 46, Чүй облусу – 148, Ош облусу – 67, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 47, Жалал-Абад облусу – 74, Баткен облусу – 88.  

Жалпы айыккандардын саны: 136 700 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

83,4

Ош шаары

93,6

Чүй облусу

88,7

Ош облусу

90,8

Талас облусу

86,8

Нарын облусу

85,9

Ысык-Көл облусу

89,7

Жалал-Абад облусу

89,8

Баткен облусу

83,3

 Жалпы:

86,5

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 26 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 973 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 637, Ош ш. – 23, Чүй облусу – 72, Ош облусу – 12, Талас облусу – 18, Нарын облусу – 18, Ысык-Көл облусу – 39, Джалал-Абад облусу – 92, Баткен облусу – 62.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 158 120 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 107 936, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 50 184.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,8 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

568

69

Ош шаары

23

0

Чүй облусу

62

10

Ош облусу

5

7

Талас облусу

14

4

Нарын облусу

8

10

Ысык-Көл облусу

33

6

Жалал-Абад облусу

42

50

Баткен облусу

62

0

 Жалпы:

817

156

 

Акыркы суткада –    5 067 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 187 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 13 691 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1761, Ош ш. – 116, Чүй облусунда – 797, Ош облусунда – 260, Талас облусунда – 97, Нарын облусунда – 143, Ысык-Көл облусунда – 500, Джалал-Абад облусунда – 302, Баткен облусунда – 211. Стационарда дарыланып жаткан 4 187 бейтаптардын ичинен, 50 (1,1%) канааттандыраарлык, 2726 (65,1%) орто оордукта, 1165 (27,8%) оор абалда жана 243 (5,8%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 8 222, Ош ш. – 357, Чүй облусунда – 1431, Ош облусунда – 690, Талас облусунда –  224, Нарын облусунда – 230, Ысык-Көл облусунда – 381, Джалал-Абад облусунда – 854, Баткен облусунда – 1302.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   12 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 4 учур, Бишкекте – 3, Чуйдо - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 8 учур, Бишкекте – 5, Чуйдо - 3. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2261 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 896, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1365.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 11 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 5, Баткенде – 1, Ыссык-Колдо – 1, Нарында – 1, Чуйдо – 2, Таласта - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6354 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 21 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 27 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5651 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу