27 - июнга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 550, анын ичинде Бишкек ш.– 230, Ош ш. – 57, Чүй облусу – 60, Ош облусу – 67, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 15, Ысык-Көл облусу – 36, Жалал-Абад облусу – 52, Баткен облусу – 25.  

Жалпы айыккандардын саны: 108 465 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

88,7

Ош шаары

82,9

Чүй облусу

91,3

Ош облусу

88,6

Талас облусу

91,9

Нарын облусу

92,4

Ысык-Көл облусу

94,9

Жалал-Абад облусу

90,6

Баткен облусу

91,4

 Жалпы:

89,7

 

 

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 27 - июнга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 992 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 567, Ош ш. – 34, Чүй облусу – 137, Ош облусу – 42, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 22, Ысык-Көл облусу – 28, Джалал-Абад облусу – 84, Баткен облусу – 65.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 120 865 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 73 614, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 47 251.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,3 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

546

21

Ош шаары

34

0

Чүй облусу

124

13

Ош облусу

36

6

Талас облусу

13

0

Нарын облусу

17

5

Ысык-Көл облусу

25

3

Жалал-Абад облусу

84

0

Баткен облусу

65

0

 Жалпы:

944

48

 

Акыркы суткада –    9 998 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

 

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 2 995 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6 357 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1244, Ош ш. – 231, Чүй облусунда – 537, Ош облусунда – 343, Талас облусунда – 26, Нарын облусунда – 62, Ысык-Көл облусунда – 173, Джалал-Абад облусунда – 247, Баткен облусунда – 132. Стационарда дарыланып жаткан 2 995 бейтаптардын ичинен, 40 (1,3%) канааттандыраарлык, 1 929 (64,4%) орто оордукта, 899 (30,0%) оор абалда жана 127 (4,2%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 2665, Ош ш. – 1044, Чүй облусунда – 770, Ош облусунда – 698, Талас облусунда –  97, Нарын облусунда – 47, Ысык-Көл облусунда – 114, Джалал-Абад облусунда – 602, Баткен облусунда – 320.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   6 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 5 учур, Бишкекте – 3, Жалал-Абадда – 2; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Чуйдо. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1977 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 746, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1231.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 33 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 14, Ош шаарында – 2, Баткенде – 5, Жалал-Абадда – 2, Ыссык-Колдо – 1, Нарында - 1, Ош обл – 3, Чуй обл – 5.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5300 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 5 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 4840 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу