28 - августка карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 371, анын ичинде Бишкек ш.– 154, Ош ш. – 4, Чүй облусу – 78, Ош облусу – 3, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 76, Жалал-Абад облусу – 19, Баткен облусу – 21.  

Жалпы айыккандардын саны: 168 769 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

96,7

Ош шаары

98,0

Чүй облусу

95,0

Ош облусу

97,9

Талас облусу

93,9

Нарын облусу

92,7

Ысык-Көл облусу

95,0

Жалал-Абад облусу

97,2

Баткен облусу

95,7

 Жалпы:

96,3

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 28 - августуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 215 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 66, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 53, Ош облусу – 3, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 38, Джалал-Абад облусу – 22, Баткен облусу – 13.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 175 224 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 121 289, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 53 935.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,8 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

49

17

Ош шаары

2

0

Чүй облусу

30

23

Ош облусу

3

0

Талас облусу

12

2

Нарын облусу

1

3

Ысык-Көл облусу

15

23

Жалал-Абад облусу

6

16

Баткен облусу

8

5

 Жалпы:

126

89

 

Акыркы суткада –    4 375 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 1 169 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 1 333 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 427, Ош ш. – 38, Чүй облусунда – 333, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 40, Нарын облусунда – 52, Ысык-Көл облусунда – 156, Джалал-Абад облусунда – 42, Баткен облусунда – 55. Стационарда дарыланып жаткан 1169 бейтаптардын ичинен, 3 (0,2%) канааттандыраарлык, 724 (61,9%) орто оордукта, 327 (27,9%) оор абалда жана 112 (9,5%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 398, Ош ш. – 26, Чүй облусунда – 329, Ош облусунда – 75, Талас облусунда –  53, Нарын облусунда – 101, Ысык-Көл облусунда – 164, Джалал-Абад облусунда – 108, Баткен облусунда – 79.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   6 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 5 учур,  Бишкекте – 3, Чуйдо - 2. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2513 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1041, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1472.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 9 медициналык кызматкер катталды.  Бишкекте – 5, Ыссык-Колдо – 2, Чуйдо - 2.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6765 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 4 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 11 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6457 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу