Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 488, анын ичинде Бишкек ш.– 228, Ош ш. – 74, Чүй облусу – 40, Ош облусу – 60, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 46, Баткен облусу – 31.
Жалпы айыккандардын саны: 108 953 бейтапты түздү.
Регион |
% |
Бишкек шаары |
88.0 |
Ош шаары |
83.1 |
Чүй облусу |
91.0 |
Ош облусу |
88.7 |
Талас облусу |
91.7 |
Нарын облусу |
91.9 |
Ысык-Көл облусу |
94.7 |
Жалал-Абад облусу |
90.3 |
Баткен облусу |
91.0 |
Жалпы: |
89.3 |
Жаңы катталган учурлар
2021-жылдын 28 - июнга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1081 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 640, Ош ш. – 71, Чүй облусу – 99, Ош облусу – 58, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 17, Ысык-Көл облусу – 28, Джалал-Абад облусу – 91, Баткен облусу – 63.
Жалпы катталган учурлардын саны – 121 946 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 74 637, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 47 309.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,3 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү
Регион |
Лаборатордук тастыкталган |
Клинико-эпидемиологиялык |
Бишкек шаары |
627 |
13 |
Ош шаары |
71 |
0 |
Чүй облусу |
82 |
17 |
Ош облусу |
51 |
7 |
Талас облусу |
14 |
0 |
Нарын облусу |
7 |
10 |
Ысык-Көл облусу |
17 |
11 |
Жалал-Абад облусу |
91 |
0 |
Баткен облусу |
63 |
0 |
Жалпы: |
1023 |
58 |
Акыркы суткада – 5 263 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 3 123 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6 813 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1296, Ош ш. – 239, Чүй облусунда – 573, Ош облусунда – 358, Талас облусунда – 31, Нарын облусунда – 70, Ысык-Көл облусунда – 187, Джалал-Абад облусунда – 249, Баткен облусунда – 120. Стационарда дарыланып жаткан 3 123 бейтаптардын ичинен, 45 (1,4%) канааттандыраарлык, 2 024 (64,8%) орто оордукта, 926 (29,6%) оор абалда жана 128 (4,0%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 3022, Ош ш. – 1033, Чүй облусунда – 793, Ош облусунда – 681, Талас облусунда – 99, Нарын облусунда – 55, Ысык-Көл облусунда – 127, Джалал-Абад облусунда – 643, Баткен облусунда – 360.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 5 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Ош ш. – 1, Жалал-Абад обл - 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1982 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 749, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1233.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 42 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 26, Ош шаарында – 1, Баткенде – 3, Жалал-Абадда – 3, Нарында - 1, Ош обл – 4, Чуй обл – 4. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5342 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 8 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 4850 медициналык кызматкер айыкты.