31 - августка карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 360, анын ичинде Бишкек ш.– 111, Ош ш. – 6, Чүй облусу – 72, Ош облусу – 14, Талас облусу – 12, Нарын облусу – 26, Ысык-Көл облусу – 64, Жалал-Абад облусу – 28, Баткен облусу – 27.  

Жалпы айыккандардын саны: 169 777 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97.0

Ош шаары

98.0

Чүй облусу

95.4

Ош облусу

98.1

Талас облусу

94.1

Нарын облусу

93.8

Ысык-Көл облусу

95.4

Жалал-Абад облусу

97.6

Баткен облусу

95.9

 Жалпы:

96.6

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 31 - августуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 145 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 47, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 31, Ош облусу – 0, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 40, Джалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу – 10.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 175 734 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 121 576, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 54 158.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,8 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

27

20

Ош шаары

2

0

Чүй облусу

11

20

Ош облусу

0

0

Талас облусу

7

0

Нарын облусу

2

1

Ысык-Көл облусу

14

26

Жалал-Абад облусу

0

5

Баткен облусу

4

6

 Жалпы:

67

78

 

Акыркы суткада –    4 268 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 1 071 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 914 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 443, Ош ш. – 34, Чүй облусунда – 291, Ош облусунда – 21, Талас облусунда – 36, Нарын облусунда – 31, Ысык-Көл облусунда – 128, Джалал-Абад облусунда – 38, Баткен облусунда – 49. Стационарда дарыланып жаткан 1071 бейтаптардын ичинен, 3 (0,2%) канааттандыраарлык, 679 (63,3%) орто оордукта, 287 (26,7%) оор абалда жана 102 (9,5%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 200, Ош ш. – 24, Чүй облусунда – 245, Ош облусунда – 54, Талас облусунда –  51, Нарын облусунда – 80, Ысык-Көл облусунда – 145, Джалал-Абад облусунда – 54, Баткен облусунда – 61.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   4 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте- 1, Таласта – 1, Нарында - 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур,  Бишкекте. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2528 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1050, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1478.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 5 медициналык кызматкер катталды.  Бишкекте – 2, Ыссык-Колдо – 1, Чуйдо – 2.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6777 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 3 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 7 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6486 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу