4 - августка карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 1681, анын ичинде Бишкек ш.– 1179, Ош ш. – 41, Чүй облусу – 120, Ош облусу – 73, Талас облусу – 29, Нарын облусу – 25, Ысык-Көл облусу – 29, Жалал-Абад облусу – 80, Баткен облусу – 105.  

Жалпы айыккандардын саны: 150 852 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

91.0

Ош шаары

97.1

Чүй облусу

90.5

Ош облусу

93.4

Талас облусу

89.4

Нарын облусу

87.0

Ысык-Көл облусу

87.8

Жалал-Абад облусу

90.8

Баткен облусу

86.0

 Жалпы:

90.7

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 4 - августуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 696 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 339, Ош ш. – 10, Чүй облусу – 84, Ош облусу – 44, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 15, Ысык-Көл облусу – 50, Джалал-Абад облусу – 89, Баткен облусу – 51.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 166 236 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 114 578, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 51 658.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,9 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

312

27

Ош шаары

10

0

Чүй облусу

32

52

Ош облусу

28

16

Талас облусу

13

1

Нарын облусу

7

8

Ысык-Көл облусу

37

13

Жалал-Абад облусу

36

53

Баткен облусу

50

1

 Жалпы:

525

171

 

Акыркы суткада –    7 005 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 3393 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 8 270 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1351, Ош ш. – 71, Чүй облусунда – 685, Ош облусунда – 200, Талас облусунда – 85, Нарын облусунда – 123, Ысык-Көл облусунда – 456, Джалал-Абад облусунда – 259, Баткен облусунда – 163. Стационарда дарыланып жаткан 3393 бейтаптардын ичинен, 35 (1,0%) канааттандыраарлык, 2198 (64,7%) орто оордукта, 948 (27,9%) оор абалда жана 207 (6,1%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 3573, Ош ш. – 74, Чүй облусунда – 1175, Ош облусунда – 450, Талас облусунда –  159, Нарын облусунда – 230, Ысык-Көл облусунда – 665, Джалал-Абад облусунда – 812, Баткен облусунда – 1132.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   9 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 8 учур, Бишкекте – 4, Чуйдо – 2, Нарын обл – 1, Ыссык-Кол обл – 1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2363 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 958, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1405.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 12 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 5, Ош шаарында – 2, Баткенде – 2, Ыссык-Колдо – 2, Чуйдо – 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6536 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 15 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 29 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5980 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу