6 - июлга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 763, анын ичинде Бишкек ш.– 410, Ош ш. – 83, Чүй облусу – 94, Ош облусу – 55, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 16, Жалал-Абад облусу – 63, Баткен облусу – 25.  

Жалпы айыккандардын саны: 113 975 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

9.0

Ош шаары

86.8

Чүй облусу

88.5

Ош облусу

88.8

Талас облусу

89.8

Нарын облусу

90.0

Ысык-Көл облусу

93.5

Жалал-Абад облусу

88.3

Баткен облусу

86.2

 Жалпы:

85.5

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 6 - июлуна карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 1233 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 789, Ош ш. – 44, Чүй облусу – 139, Ош облусу – 32, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 35, Джалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 89.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 133 303 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 85 259, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 48 044.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,6 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

783

6

Ош шаары

38

6

Чүй облусу

116

23

Ош облусу

31

1

Талас облусу

9

0

Нарын облусу

8

5

Ысык-Көл облусу

31

4

Жалал-Абад облусу

83

0

Баткен облусу

88

1

 Жалпы:

1187

46

 

Акыркы суткада –    9 172 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 4 158 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 12 012 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1754, Ош ш. – 248, Чүй облусунда – 818, Ош облусунда – 415, Талас облусунда – 40, Нарын облусунда – 103, Ысык-Көл облусунда – 280, Джалал-Абад облусунда – 331, Баткен облусунда – 169. Стационарда дарыланып жаткан 4 158 бейтаптардын ичинен, 94 (2,2%) канааттандыраарлык, 2 694 (64,7%) орто оордукта, 1193 (28,6%) оор абалда жана 177 (4,2%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 7331, Ош ш. – 772, Чүй облусунда – 1179, Ош облусунда – 669, Талас облусунда –  158, Нарын облусунда – 91, Ысык-Көл облусунда – 158, Джалал-Абад облусунда – 866, Баткен облусунда – 788.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон   8 учур  катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 6 учур, Бишкекте – 3, Ыссык-Колдо – 3; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкек ш. – 1, Баткен облусунда - 1. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2054 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 790, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1264.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 30 медициналык кызматкер катталды. Бишкекте – 12, Ош ш. – 1, Баткенде – 6, Жалал-Абадда  – 7, Ош обл – 1, Чуйдо – 2, Таласта - 1.  Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5644 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 7 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 17 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 5003 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу